ИИМ Нурлан Мотуевдин жасагандарына юридикалык баа берет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Депутат Камила Талиева кээ бир алданган адамдар Мотуевге жардам сурап кайрылып жатканын айтты.
«Мотуев боюнча материал кечээ катталды. Биз аны чакырдык. Анын кылган иш-аракеттерине юридикалык баа беребиз», — деди Абдиев.
Социалдык тармактарда Мотуев бир нече адамдарды алдамчылыкка айыптап келет.