• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нариман айылында ири өрт кырсыгы катталды

3 Аяк оона 2022 12:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Оштун Нариман айылындагы Ынтымак көчөсүндө ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, турак үйдүн 2 кабаттуу сарайы 150 түк чөбү менен толук өрттөнүп, өрттүн жалыны ага жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн ашканасынын жана мончосунун чатырына өткөн.

Өрттүн чогу ошол эле учурда дагы бир турак үйдүн короосунда жаткан 100 түк беде чөпкө чачырап, ал толугу менен күйүп кеткен.

Жерине жалпы 5 бөлүм тартылып, өрт саат 06:11де чектөөгө алынып, саат 07:32де толук өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым эсептелүүдө.

Количество просмотров: 501