20 жылдыктан кийин күйөөсү тарабынан киши колдуу болгон келиндин ар-намысына шек келтирген блогер Айбек Уланов кармалды.
31-майда блогер Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургунунун дарегине айткан сөздөрүнөн кийин милицияга жеткирилген. Сурак учурунда ал өзүнүн ишаракеттерине өкүнгөнүн билдирип, жарандардан жана каза болгон келиндин жакындарынан кечирим сураган.
«Бирок Уланов кайрадан социалдык тармактардагы баракчасына түз эфирге чыгып, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан маалыматтарды таратууну уланта берген. Мурда дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы боюнча, блогерге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чокморов айылында кайра кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, блогер алкоголдук жана наркотикалык заттарды колдонгондугун аныктоо үчүн Республикалык наркология жана психиатрия диспансерине жөнөтүлгөн, ал жерде медициналык күбөлөндүрүү актысынын корутундусу боюнча ал наркотикалык заттарды колдонуудан келип чыккан катуу интоксикация абалында болгондугу аныкталган.