• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарматова аскер кызматын өтөй элек жарандарды сыртка чыгарбоону сунуштады

25 Бугу 202314:05 Бишкек Govori.TV

Депутат Надира Нарматова аскерде кызмат өтөй элек кыргызстандык жаштарды чет өлкөгө чыгарбоону сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, чет өлкөгө чыккан жаш курагында чыккан жарандар ар кандай кыйынчылыктарга туш болушат.

«Жок дегенде аскердик кызматты өтөшсүн, отурукташсын, бара турган өлкөнүн мыйзамдарын үйрөнсүн, коопсуздугун ойлосун. Ал тургай, кыздар 18 жашка чыга электе чет өлкөгө кетишет», — деди ал.

Буга чейин Надира Нарматова 23 жашка чыга элек кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну сунуштаганы маалымдалган.

Количество просмотров: 99