• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарматова ЖКда кыргызча сүйлөөнү сунуштады

12 Үчтүн айы 202212:29 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Надира Нарматова 12-январда парламенттин жыйынында сөз сүйлөп, жыйында мамлекеттик тилди сыйлоого чакырды.

«Биз Кыргызстанда жашайбыз, мамлекеттик тил — кыргыз тили. Биз өзүбүз Жогорку Кеңеште тилибизди сыйлашыбыз керек. 90 депутаттын арасында бир дагы орус жараны жок. Биз өзүбүздү сыйлайлы андан кийин башкалардан талап кылалы. Анын үстүнө түз эфирди карапайым кыргызстандыктар карап турат, эгер зарылчылык болбосо, маселелерди мамлекеттик тилде талкуулаш керек», — деди ал.

Количество просмотров: 747