“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун артка кайтарбасаңар болбойт. Бул тууралуу бүгүнкү Жогорку Кеңеште өткөн парламенттик угууда “Интербилим Ош” уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева билдирди.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдарын киши өлтүргүчкө теңеп койгон.
“Долбоор боюнча мен эле эмес, менден кеңеш алгандар дагы жоопко тартылып, камалып калат. Биз элдерге компьютер, коляска беребиз, алар дагы биз менен кызматташкан адам болуп калат. 5-10 жылга эркинен ажыратып, же адам өлтүрүүгө теңеп жатышат”, — дейт укук коргоочу.