• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Саясат талдоочу: «Чет элдик өкүл» мыйзамы сөз эркиндигин чектейт

31 Тогуздун айы 2023 9:58 Бишкек Govori.TV

«Чет элдик өкүл» мыйзамы сөз эркиндигин чектейт. Мындай пикирин саясат талдоочу Айбек Теңизбаев «Майдан» дебаттары учурунда билдирди.

Анын айтымында, «Чет өлкөлүк өкүл» туралуу мыйзамы талкууланып жатканда тууну өзгөртүү сунушунун чыгуусу көңүлдү буруу аракети болушу ыктымал.

«Тууну өзгөртүү сунушу менен бирге бейөкмөт уюмдары туралуу мыйзамды чоогу алып чыгышып, ал мыйзам аркылуу сөз эркиндигин чектөө аракети болуп жатат да. Эми бул экөө бирге чыккандан кийин, коомчулукта туу маселеси сезимтал болгону үчүн ошону талкуулап кеттик. Бул дагы бир көңүлдү буруу аракети болуусу мүмкүн. Чынында бейөкмөт тууралуу мыйзамы сөз эркиндигин чектеп, башкача ой чагылдырган оппозициялык маанайда болгон массалык маалымат булактары же эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгү чектелиши мүмкүн бул мыйзам аркылуу. Ушинтип биз да чогулуп, ойлорубузду айта албай калышыбыз мүмкүн. Коомчулук бул мыйзамга көңүл бурушу керек, биз тууну да талкуулай албай калабыз. «Ушул туура» деп койсо аны баарыбыз колдошубуз керек болуп калат», — деди ал.

Количество просмотров: 62