• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Юрист: Кыргызстанга чет өлкөлүк жардам бир гана батыш өлкөлөрүнөн эле келбейт

28 Бештин айы 2023 10:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга чет өлкөлүк жардам бир гана батыш өлкөлөрүнөн эле келбейт. Бул тууралуу юрист Татуубубу Эргешбаева билдирди.

Анын айтымыда, бүгүнкү күндө кабыл алынып жаткан «чет өлкөлүк өкүл» деген демилге Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап, аны президент да колдоп берсе, буга чейин кабыл алынган ченемдик актылардагы демократиялык институттарга шек келген нормалар менен кошулуп, ошолор жалпысынан топтолот да жыйынтыктоочу отчеттор даярдалганда БУУнын майданчасында Кыргызстан колдоо көрбөй калуусу мүмкүн.

«Кыргызстан укутук демократиялык өлкө болуп саналат. Биз бийлик элдин колунда деген принципке таянышыбыз керек. Демек, эл бийликке да өзүнүн сунуштары айта алат, көзөмөлдөй алат. Ошондой эле саясатка кошулууга толугу менен укугу бар. Ошондуктан саясаттан элди четтетүү бул туура эмес. Чет өлкөлүк жардам алардын жүздөн ашык түрлөрү жана тамырлары бар. Бул бир гана батыш өлкөлөрүнөн эмес, араб өлкөлөрүнөн, Түркиядан, Кытайдан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн келет. Бүгүнкү күндө глобалдаштырылган дүйнө», — дейт ал.

Эске салсак, 25-октябрда депутаттар «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алышкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тарткан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 93