• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Нарматованын талаштуу мыйзамына автор болуудан дагы бир депутат баш тартты

20 Тогуздун айы 2023 11:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна авторлош болбойт. Бул тууралуу ЖК расмий сайтынан көрүүгө болот.

Ал эми депутаттын жардамчысы бул тууралуу түшүндүрмө берип, Арсланбек Малиев башынан эле бул мыйзам долбоорун колдобогонун айтты.

«Депутат Малиев башынан эле каршы болчу жана авторлордун катарына өзү кошулган эмес. Документте коюлган кол аныкы эмес. Муну байкаган соң биз аталган мыйзам долбоорунун авторлорунун катарынан чыгаруу тууралуу атайы кат жолдогонбуз», — деди ал.

Белгилей кетсек, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Көп өтпөй айрым депутаттар авторлуктан кайра баш тарта башташкан.

Учурда аталган мыйзам долбооруна 19 депутат автор болуп көрсөтүлүп турат.

Бул мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган. Ал эми 17-октябрда парламенттик угуу өттү.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүп алынганын белгилешкен.

Жакында 120 бейөкмөт уюм бийликти «чет элдик өкүл» мыйзамын кабыл албоого чакырып, кайрылуу жолдогон. Анда эгер бул мыйзам кабыл алынса, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан бейөкмөт уюмдарга бөгөт коюлары айтылган. Алар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчётун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келет.

Количество просмотров: 142