• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

“Народный” дүкөнүн тоноого аракет кылган шектүү кармалды

27 Бирдин айы 2020 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте каракчылыкка шектелип жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-февралда түндө милицияга Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Народный» дүкөнүнө куралчан белгисиз жигит кирип келди деген кабар келип түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери жигит кылмыш жасаганга жетишпей калгандыгын көрүшкөн. Ал күзөтчүнү көрүп супермаркеттен качып кеткен.

Шектүүнү Жибек Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан. Ал 2001-жылы туулган М.Д. аттуу жаран болгон. Анын жанынан колго жазалган курал табылган.

Шектүү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын бөлүмчөсүнө жеткирилген. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Количество просмотров: 62