• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Нарында беш жашар бала тоңуп каза болду

14 Бештин айы 2017 17:49 Бишкек Govori.TV

Нарында беш жашар бала үйүнөн 50 метр алыстыкта тоңуп набыт каза болду. Анын үйдөн чыгып, кайра келбегенин ата-энеси байкаган эмес. Бул тууралуу маалыматты   Ички иштер министрлиги билдирген.

Алардын айтымында, Нарын шаарынын тургуну 2012-жылы туулган баласы жоголгондугун айтып милицияга кайрылган. Ошол эле күнү милиция баланы үйдөн алыс эмес жерден табышкан. Бала жети метрлик жардан кулап түшкөн.

Экспертиза дайындалды. Алдын ала билдирүүлөр боюнча, денесинен сынык табылган жок. Бала аңдан чыга албай, тоңуп өлгөнү айтылууда.

ИИМдин маалыматында, баланын ата-энеси көп ичимдик ичишет. Эки баласы бар. Бала жоголгон күнү дагы мас болуп, уулунун үйгө кайра келбегенин да байкаган эмес.

Ал эми кылмыш иши али козголо элек.

 

Булак:24кж

Количество просмотров: 4