• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Нарындыктар талап кылган жөлөк пул маселеси өкмөттө каралды

14 Бештин айы 2017 19:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2017. Govori.TV.

Премьер-министр Сапар Исаков  14-декабрда, 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган « Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу чараларын иштеп чыгуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн  аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү кабарлады.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов премьер-министрге жогорудагы мыйзамдын айрым ченемдерине каршы чыгып жаткан Нарын шаарынын тургундарынын талаптары тууралуу маалымдады. Анын айтымында, Нарын шаарынын айрым тургундары үй-бүлөдө 3 жаштан 16 жашка чейинки балдардын саны үчтөн кем болгон учурда азыркы айрым жөлөкпул алуучулар тизмеден түшүп калуусу каралып жаткан Мыйзамды кайрадан карап чыгууну талап кылышууда.

Өкмөт башчы өлкөдөгү айрым үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпул жалгыз киреше булагы болуп саналаарын өзгөчө белгилеп, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мамлекеттик жөлөкпул тутумунан чыгарылуусу мүмкүн болгон жарандардын абалына талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире турган «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жөлөкпулдун үч түрү: 2018-жылдын 1-январынан тарта бала төрөлгөндө бир ирет берилүүчү жөлөкпул, 3 жашка чейинки ар-бир балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул жана 3 жаштан 16 жашка чейинки үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул каралууда.

Мындан тышкары, Премьер-министр аталган жактарга жөлөкпул төлөөгө чыгымдарды жабуу үчүн зарыл сумманын эсебин жүргүзүүнү жана жогорудагы маселе боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 6