• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Нарын аскер комиссариатында 100 миң сом пара алып жаткан кызматкер кармалды

19 Бугу 2023 15:34 Бишкек Govori.TV

Нарын аскер комиссариатында акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык аскер комиссариатынын кадрлар бөлүмүнүн башчысынын улук жардамчысы Т.М.О. 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Тинтүү учурунда которулган акча каражаттары толугу менен Т.М.О.нун иш бөлмөсүнөн табылды жана документтештирди.

«Бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн бирине кызматка орношуу үчүн, Кыргыз Республикасынын А.Э.М. аттуу жаранынан, кармалган Т.М.О. тарабынан 120 миң сом акча талап кылуу фактысы аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 427