• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024
Сүрөт turmush.kg сайтынан алынды

Нарын дарыясына чөккөн кыздын жансыз денеси 18 күн дегенде Өзбекстандан табылды

3 Теке 2019 11:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

13 жаштагы Зарема аттуу кыздын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылып, 1-июль күнү кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул туурасында жергиликтүү  тургандар билдирүүдө.

Жашоочулардын айтымында,  Зарема таянесинин каза болгондугунун 40 күндүгүнө Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылына барган. Ал таяакесинин эки кызы менен Нарын дарыясына сууга түшкөнү барып, таштан-ташка секирип атып, чалынып сууга кулап кеткен. Аны куткаруу үчүн жергиликтүү тургундардан топ түзүлгөн. Бирок алар таба албай коюшуп, убактылуу издөөнү токтотушкан. Кечээ  болсо, Андижан областынан Балыкчы аймагындагы суудан кыздын жансыз денеси табылганы кабарларган. Үч-Коргон айыл өкмөтү башчысы Нурбек Мураталиев билдиргендей,  Зераманын туугандары менен “Маданият-автожол” көзөмөл-өткөрүүчү пунктуна барып кечки саат 18-30дар чамасында кыздын сөөгүн алып, кечки саат 21-00 жерге беришкен.

Айта кетсек, буга чейин 112 кызматына 2004-жылы төрөлгөн  Д.З. аттуу кыз Нарын дарыясына түшүп кеткени кабарларган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында,   дарыянын жээгине үч кыз сурөткө түшкөнү барышкан. Бир учурда алар  сууга кулашкан. Кыздардын кыйкырган  үнүн жээкте килем жууп жаткандар угуп калып эки кызды куткарып калышкан. А Зерама болсо чыга албай калган. Ал үйдүн кичүүсү болчу. Эки агасы орусия иштеп жүрүшөт.

Количество просмотров: 4