• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нарын менен Таластын губернатору алмашты

14 Тогуздун айы 2020 10:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр Садыр Жапаровдун кол койгон буйругуна ылайык Нарын жана Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды.

— Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Количество просмотров: 498