12-май күнү саат 12:38де Нарын облусунда дагы жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Жаңы-Талап айылынан түштүк-батышка карай 7 чакырым, Баетово айылынан түндүккө карай 18 чакырым, Нарын шаарынан батышка карай 88 чакырым жерде жайгашкан
Жер титирөө Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Байгончок, Үгүт, Көк-Жар, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 4,5 балл, Баетов, Жылан-Арык, 8-март айылдарында 4 балл, ЭмгекТалаа, Достук, Шоро, Кош-Булак, Куланак айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга сезилген.
Буга чейин. тагыраагы бүгүн саат 07:33тө өлкө аймагында очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген.