• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

26 Аяк оона 20189:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-сентябрда болжол менен түнкү саат 02:34төр чамасында катталган.
Жер титирөө Ат-Башы районунун Өзгөрүш, Ак-Муз, Талды-Суу айылдарында 3 баллга, Ак-Моюн айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Количество просмотров: 123