• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарын райондук милициясындагы бөлүм башчы кармалды

15 Тогуздун айы 202510:26 Бишкек Govori.TV

Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 9-октябрда КР УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору К.Н.Т. кармалды.

КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш — чаралардын жүрүшүндө аталган К.Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Нарын шаарынын тургуну А.Б.Н.нын акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран Нарын облусунун Ат-Башы районунун ИИБнын УКЖсына киргизилип, сот органдарынын чечими менен ага карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Количество просмотров: 277