• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

​Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

9 Аяк оона 2019 13:58 Бишкек Govori.TV

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди.​

Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды.​ Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.​

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр.​

Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.​

Вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү.​​

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышты.​

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалады.

Маалымдама:

Учурда жалпы Нарын облусу боюнча 18 объекттин курулуш иши жүрүүдө, анын ичинде Ат-Башы районунда 2 бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана 1 кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, 2 кошумча корпус, 2 спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Количество просмотров: 87