• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды

25 Теке 202518:49 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Немат уулу Жайнак Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.

Буга чейинки Нарын шаарынын мэри Тутуев Канболот Мусаевич ээлеген кызматынан бошотулганы бүгүн маалымдалган.

Количество просмотров: 812