• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарын жана Жалал-Абад милициясынын кызматкерлери жаңы унаалуу болду 

28 Чын куран 2023 12:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, Нарын жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлерине жаңы автоунаалардын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилик курамына бардык мезгилдерге ылайыктуу жаңы формалардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Форманы иштеп чыгууда ар кандай климаттык шарттарда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин каалоолорун, ошондой эле чет өлкөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен кызматкерлер үчүн эң ыңгайлуу кийимдерди чыгаруу боюнча негизги басым жасалды.

Ушул жылдын аягына чейин дагы бир катар заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык каражаттарды алып, ыкчам кызматтык ишмердикти дагы бекемдөө боюнча иш-чаралар пландаштырылууда.

Количество просмотров: 77