• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарында 10 жашар кызды унаа өлтүрө сүзүп кетти

4 Бирдин айы 2020 11:58 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарынын Городок аймагынан 10 жашар кызды унаа өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 3-февралда саат 15:20 чамасында катталган. Нарын шаардык милициясына Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн кабар түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу барган учурда күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жаткан 1987-ж.т. У.М өзүнүн башкаруусунда “Фольксваген-венто” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Нарын шаарынын тургуну 2010-жылы туулган Ы.к.Д сүзүп алган. Натыйжада Ы.к.Д Нарын ОБОнун кайра жандандыруу бөлүмүнө алып барган учурда ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кырсык болгон жердеги видеонуу окурман Элдик медиага жөнөткөн.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/884445848675347/

Видеодо көрүнүп тургандай, окуучу кыз маршруткадан түшүп жолдон өтүүгө чуркап чыккан учурда, жеңил автоунаа кызды байкабай сүзүп кеткен.


Количество просмотров: 128