Нарын облусунун Кочкор районундагы үйдө 38 жаштагы аял үч кызы менен иске ууланып каза тапты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, окуя 16-декабрь күнү Теңдик айылында болгон. Анда турак үйдөн 38 жаштагы аял жана 11, 9, 7 жаштагы кыздардын сөөктөрү табылган. Бул тууралуу милицияга каза болгон келиндин бир тууганы чалып кабарлаган.
«Азыркы учурда жогоруда каза болгондор эмне себептен өлгөнүн аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Каза болгон балдары үчөө тең кыз, алар 2009, 2011, 2013-жылы туулган жаш өспүрүмдөр болгон»,-деп айтылат маалыматта.
Көз жумган келиндин жакындарынын айтымында, маркум жолдошу менен ажырашып, төрт баласы менен жалгыз жашап келген. Төрт адамдын сөөгү 20-декабрь күнү Кара-Мойнок айылында жерге берилди.