• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарында 4 жаштагы кызды издөөгө 135 адам чыкты

13 Бугу 202411:09 Бишкек Govori.TV

Нарын дарыясынын жээгинен дайынсыз жоголгон 4 жаштагы кызды издөөгө бүгүн саат 08:00дө 135 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, N16, 47 ӨКБдан жалпы 35 куткаруучу 1 дрон, Авариялык куткаруу жана КамАЗ унаасы менен тартылды.

Мындан сырткары ИИМден 90 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам издөөгө чыгышты.

Эске салсак,12-май күнү, саат 11:00 чамасында Нарын облусунун Нарын шаарында Нарын дарыясынын жээгинен 2019-жылы туулган Ж.Р. аттуу кыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Издөөнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 140