• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында 8 милиция кызматкери коронавирус жуктурду 

19 Бугу 202010:59 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда бир күндө коронавирус жуктурганы аныкталган 11 адамдын сегизи милиция кызматкери. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

«Бүгүнкү күнгө карата Нарында коронавирус аныкталган бейтаптардын сегизи күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Алар текшерүүгө алынып, тиешелүү иштер аткарылып жатат», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 129