Бүгүн, 7-сентябрда Нарын шаарында активисттер Баткендеги өспүрүм кыздын өлүмүнө байланыштуу тынчтык акциясына чыгышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Чогулгандар “мен коопсуз өлкөдө жашагым келет”, “балдар — биздин келечегибиз, аял үйдүн куту” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушкан. Ошондой эле алар көчөдөн өтүп бара жаткан тургундарга кайрылып, кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы турууга үндөп, кол топтошкон.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон секелек кыздын сөөгү табылды. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну К.А. аттуу мектеп окуучусу экени аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалып, 2 айга камалды.