Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунунда май сактоочу резервуардын ичин тазалап жатып, ата-бала күйүүчү майдын жытына ууланган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 52 жаштагы жана 18 жаштагы ата-баланы резервуардын ичинен чыгарып, «Тез жардам» кызматын чакырып, алар жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Натыйжада 52 жаштагы И.Э аттуу жаран ооруканада каза болгон. Ал эми анын уулу Э.Э.нин абалы оор экени айтылууда.