• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нарында дааватты чектөө сунушталууда

20 Чын куран 2020 9:55 Бишкек Govori.TV

19-апрелде Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев түз эфирде жарандардан келген суроолорго жооп берип жатып, «Мындан кийин дааватка чектөөлөр болобу?» деген суроого мындай жооп берди:

«Дааватчылыкка чектөө боюнча сунуш берип жатабыз. Мыйзамга өзгөртүү боюнча сунуш бар. Аны кийинчерээк айтабыз».

Милиция буга чейин Нарында Пакистандан дааваттан келген жергиликтүү тургун тиешелүү чектөөлөрдү бузуп, санитардык эрежелерди сактабагандыктан, кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул Нарында коронавирус илдети табылган алгачкы бейтап катары катталган. Кийинчерээк Пакистанга дааватка барып келген тургун бир күндө төрт адамга коронавирус жугузганы маалымдалган.

19-апрелдеги маалымат боюнча Нарын облусунда 67 кишиден коронавирус табылды. Алардын 51и Ат-Башы районунда. 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилген.

Количество просмотров: 80