• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарында дайынсыз болгон ата-баланы да, сууга секирип кеткен кызды да издөө бүгүн улантылууда

10 Жетинин айы 202411:03 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери бүгүн 10-ноябрда саат 08:45те башталды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Издөөнү координациялоо максатында ӨКМдин Жумгал райондук №43 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам жалпы 22 адам чыкты. 1 дрон, 4 рация, 2 дүрбү жана 1 куткаруу унаасы тартылды.

Издөө иштери Өрнөк айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, 16-октябрь күнү Жумгалдын Өрнөк айылынын 1979-ж.т. К.Б. жана 2015-ж.т. С.Б. аттуу жарандары мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу ммаалымат 19-октябрда түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Ошондой эле бүгүн 10-ноябрда адам издөөгө КР ӨКМнин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ИИМден 7 кызматкер, жалпы 23 адам тартылды. Ак-Талаа райондук куткаруучулар 2 топко бөлүнүп, Ак-Тал айылынан баштап Нарын дарыясын жээктеп батышты карай Үгүт айылын көздөй издеп жатышат.

Нарын шаарынын куткаруучуларынын биринчи тобу Жаңы-Жол тилкесинен Ак-Кыя тилкесин көздөй Нарын дарыясын жээктеп батышты, экинчи топ Ак-Кыя тилкесинен Жаңы-Жол тилкесин көздөй Нарын дарыясын жээктеп чыгышты көздөй издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Эске салсак, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-ж.т. Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.

Количество просмотров: 337