• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарында күндүзгү стационарлар иштей баштады

7 Теке 2020 11:02 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарында 6-июлдан тартып күндүзгү стационарлар ачылып, иштей баштады.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардагы 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү стационарлар уюштурулуп, аларда 50 койка иштеп жатат.

Шаардык мэрия тарабынан учурда дагы 50 койка даярдалууда. Мындан сырткары, ар кандай кырдаалга даяр болуу максатында кошумча койкаларды уюштуруу үчүн ылайыктуу имараттар каралууда.

Количество просмотров: 97