• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Нарында кафеден өрт чыкты

28 Жетинин айы 202217:29 Бишкек Govori.TV

 Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында «Латифа» кафесинен өрт чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 11:35те чектөөгө алынып, саат 12:05те толугу менен өчүрүлгөн.

Такталган маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 175