• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нарында калың кар жаап, малчылар жардам сурашты (видео)

3 Бугу 2023 10:51 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 2-майда саат 22:35де Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын тургуну Орто-Сырт жайлоосуна күндүзү жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал өз алдынча оттой албай калгандыгы жөнүндө билдирген.

ӨКМ билдиргендей, Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал жандыгы менен калып калган. Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы–акимдин жетекчилиги менен отурум өткөрүлүп, кырдаалды жөнгө салуу иштери колго алынды.

Ал эми Орто-Сырт жайлоосуна барган жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүлөрүн ачуу жана байкоо жүргүзүү үчүн 2-майда Ак-Талаа райондук Жарандык коргонуу башчысынын орун басары У.Жылтыров жана №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы М.Орозалиев менен бирге барып, калың жааган кардын кесепетинен Чоң-Кыя ашуусуна чыга албай кайра артка кайтышкан.
Бүгүн жеринде абалды билүү жана координациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында, КР ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын орун басарынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган.

Количество просмотров: 202