• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Нарында катуу шамал чатырларды талкалады

26 Бугу 2020 10:30 Бишкек Govori.TV

Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал чатырларды учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шамал кечээ, 25-майда саат 18:00 чамасында катталып,
анын кесепетинен Ак-Жар айылындагы маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатырын, Жаркынбаев көчөсүндө жайгашкан сарайдын 72 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Ошондой эле Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан «Манас», азык-түлүк саткан «Алинур» жана «Минутка» ашканасынын чатырларын учуруп кеткен.

Бүгүн, 26-май күнү кырсыктардын кесепетин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 104