• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Нарында коронавирус тездик менен жайылуусунун 3 себеби айтылды

27 Бугу 202012:30 Бишкек Govori.TV

Парламенттин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге кайрылып, эмне себептен Нарын облусунда коронавирус тездик менен жайылып жаткандыгына кызыкты.

«Эмне үчүн Нарында коронавирус улам-улам чыгып жатат, анын себеби эмнеде? Аймактын жетекчилигинен сурасаң дарыгерлер жакшы иштебей жатат дейт, ал эми дарыгерлерден сурасаң көчөлөрдө тартип жок, бири-бирине жугузуп жатышат дейт. Нарын шаарында көп болсо 30-40 миңдей киши жашайт, Ат-Башыда азыраак. Ал эми Бишкек шаарында миллиондой адам жашайт, бул жерде 5-6 учур чыгууда. Нарында болсо көбүрөөк. Анын себеби эмнеде?», — деп суроо узатты эл өкүлү.

Каратаев Нарында коронавирус жуккандар көбөйүп жаткандыгынын үч себеби бар экендигин айтты. «Биринчиси — өз убагында жетиштүү деңгээлде координация болгон жок. Нарында дээрлик 300гө жакын адамда коронавирус табылды. Бул интенсивдүү көрсөткүч боюнча — биринчи орунда турат. Кичи ажылыктан учуп келгендер арасынан алгач 3 учур катталса, эми 300гө жетип отурат. Экинчи себеби — байланышта болгондор өз убагында изоляцияга алынган эмес жана ыкчам иштер жүргүзүлгөн эмес. Үчүнчү себеби — түзүлгөн кырдаалга кээ бир медицина жана милиция кызматкерлери тарабынан жетиштүү деңгээлде жоопкерчиликтүү мамиле жасалган жок. Азыркы учурда биз коронавирус жуктуруп алгандарды аныктабасак, анда массалык жугузуу болуп кетиши мүмкүн», — деди министрдин орун басары.

Өз кезегинде эл өкүлү Ак-Талаа жана Ак-Башы районундагы ооруканалардын башкы дарыгерлери менен сүйлөшкөндүгүн, алар жеке коргонуучу каражаттар жетишсиз болгондугун айтышты деди. «Бул чынбы же жокпу», — деп кайрадан Каратаевге суроо узатты.

Мадамин Каратаев жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү деңгээлде берилгендигин билдирди. «Биринчи 77 учур Ак-Башыдан чыкты, мен өзүм ал жерге бардым. Азыр Нарын шаары менен Ак-Талаа оорунун очогу болууда. Ак-Кыя, Көк-Жар жана Баетов айылдарын бүт курчоого алып, байланышта болгондордон анализдер алынды. Нарын шаарында облустук оорукана, төрөт үйү жана ИИБде жаңы жуктуруп алгандар катталды», — деп түшүндүрдү Каратаев.

Количество просмотров: 6339