Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 1941-жылы туулган жаран Нарын облустук ооруканада даарыланып жаткан. Анын өнөкөт оорулары күчөп кетип, каза болуп калган.
Жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.