• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында медиктер төлөмдөргө нааразы. Жетекчилер жооп кайтарды

1 Баш оона 2020 18:20 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда жарыяланган «Нарында медиктер төлөмдөргө нааразы. Аларга айтылгандан аз төлөнгөн» деген маалымат боюнча Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков жооп берди.

«Июль айы толук жыйынтыктала элек болгондуктан, Курман айт майрамына карата медицина кызматкерлерине аванс гана берилген. Август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт», — деп маалымдады ал.

Буга чейин Нарын облусунун саламаттыкты сактоо мекемелериндеги коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды аныктоо жана аларды дарылоо иш-чараларына катышкан медицина кызматкерлеринин колдоочу кошумча төлөм акысы үчүн жалпы 58 миллион 550 миң 500 сом төлөнүп берилгендиги, анын ичинен июль айы үчүн 1546 кызматкерге 20 миллион 19 миң 900 сом которулгандыгы маалымдалган.

Количество просмотров: 224