• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Нарында санитардык талаптарды сактабаган 15 жооптуу кызматкерге айып салынды

27 Бугу 202016:12 Бишкек Govori.TV

Нарында санитардык талаптарды сактабаган 15 жооптуу кызматкерге айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 3-майдан бери мобилдик топтор тарабынан 329 объектке санитардык сунуштамалар берилген.

«Алардын 62сине акт түзүлгөн жана 15 жооптуу кызматкерге 15 миң өлчөмүндө апыппулдар салынган. Нарын шаарында 5, Нарын районунда 2 жана калган райондордо бирден мобилдик топтор иштеп жатат. Алар калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомдук жайларда элдин топтолушуна бөгөт коюу, азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөө боюнча иштерди алып барып, соода борборлорун текшерүүдө», — дейт ал.

Алымкулов кошумчалагандай, Нарында 20-мартта республикалык мааниде 3 пост уюшулган. Алар Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда.

«Ошондой эле Ат-Башыда 3, Нарын шаарында 4, Нарын районунда 5, Жумгал районунда 1, Ак-Талаа районунда 2 пост иштеп жатат. Анда 98 кызматкер кызмат өтөөдө», — деп белгиледи ал.

Количество просмотров: 95