• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Нарында сапатсыз салынып баштаган спорт зал буздурулууда

19 Бирдин айы 202417:58 Бишкек Govori.TV

Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылынын С. Раимбеков атындагы мектебинин спорттук залынын курулушу буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган, бирок куруу учурунда кемчиликтер аныкталган.

Тактап айтканда, сапатсыз куруу жана долбоордон чектөө болгону үчүн «MERIBELL Tekstil Insaat» ЖЧКга Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан айып пул салынып, өз убагында курулуш токтотулуп, сапатсыз салынган курамалар буздурулду.

Количество просмотров: 447