«Бул мамлекеттин шалаакылыгыбы же кыздын туура эмес басканыбы? Албетте мамлекет, люкту ачат, эмнеге кайра жаап коюшпайт. Жерди казышат, кайра жаап коюшпайт.
Шаардагы Кулубаев көчөсүндөгү оозу ачык турган люкка 8-декабрда түшкү саат 13:00 чамасында кичинекей кыз түшүп кетти. Бүгүн бул кыз, эртең дагы бирөө түшүп буту-колун сындырат. Ким билет, түшүп кетип жатышат, көрбөгөнүбүз канча…
Нарын шаардык администрациясы каякты карап жүрөт. Кулубаев көчөсүнөн адам баскандан заарканат. Канализациянын жыты урат, көчөнүн баары муз. Эми тургундардын буту сына электе кемчиликтерди жоюу керек», — деп жазылат.
blob:https://www.super.kg/04135da2-7ec1-46bc-b359-eddb3318f743