• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Нарында сууга түшүп кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө

9 Жалган куран 2022 11:19 Бишкек Govori.TV

Нарында сууга түшүп кеткен баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү Нарын районунун Орто-Нура айылында 8 жаштагы Т.Т. аттуу жаш бала балдар менен ойноп жатып Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин 31 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 60 адам жана ИИМден 23 кызматкер тартылып, жалпы 55 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүшкөн.

Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин 27 куткаруучусу тартылды.

Теги:
Количество просмотров: 157