Нарын районунун Жан-Булак айылындагы Осмоналиев көчөсүндөгү турак үйүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү жерине 02:35те Нарын райондук №16 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
«Өрт саат 03:20да чектөөгө алынып, 05:20да толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандар жок»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттүн жалпы аянты 234 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.