• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Нарында жүргөн сел турак үйлөрдү каптады (сүрөт) 

3 Кулжа 2020 21:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда Нарындагы турак үйлөрдүн короолорун сел каптаганды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 16:00гө карата Нарын шаарында​ жаап өткөн жамгырдын кесепетинен​ турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү сел каптаган. Күтүүсүз кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулар тартылган.

«Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн ​куткаруучулар барып тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Азырынча селдин кесепетинен келтирилген чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек.

https://www.facebook.com/avlanbek/posts/3802315196505735
Количество просмотров: 491