Нарында Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Бел жайлоосуна барчу жолду жергиликтүү тургундар тосуп өткөрбөй жаткан видео социалдык түйүндөргө жарыяланды.
Маалыматка караганда, окуя 5-июнь күнү болгон. Анда жолду тоскондор «Кочкор районунун малчыларын жайытка киргизбейбиз» деген талап коюшкан.
Жолду тосуп тургандар менен жолугушуу үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов барган.
Учурда окуя Нарын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Жазык Кодексинин 265- беренеси (“Жолдорду мыйзамсыз тосуу”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Мындай көрүнүштү интернет колдонуучулар сындап, түрдүү комментарийлерди калтырышууда.