Бишкек.14.07.2019.Govori.TV.
Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-июлда саат 08:36да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Эпкин, Туз, Ак-Чий, Чолпон айылдарында — 3 балл, Кум-Дөбө, Комсомол, Көк-Жар айылдарында — 2,5 балга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.