• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Нарында жер титирөө катталды

28 Бугу 202110:06 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институнун маалыматына ылайык 2021-жылдын 27-май күнү саат 22:21 очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө байкалган, Жумгал районунун Таш-Дөбө айылы 3 балл, Чоң-Дөбө, Лама айылдарында 2,5 балл Куйручук айлында 2 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 117