КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 1-октябрда саат 14:07де Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 3,5 балл, Жаңы-Талап, Байгенчек айылдарында 3 балл, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 2,5 баллга (Үгүт айылынан 4 чакырым түндүк батышта, Баетов айылынан 22 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.