• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Нарында жер титиреди

14 Бугу 202110:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-май күнү саат 14:37де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Эселек, Көк-Айгыр айылдарында 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 188