• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нарында жол кырсыгынан 1 адам каза болду

7 Бугу 2022 9:27 Бишкек Govori.TV

Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  6-май күнү Кочкор районунун Өрүктам – Сары-Булак унаа жолунун 12-чакырымында Volkswagen Passat B3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек 1982-жылы туулган Т.З, 1966-жылы туулган Т.М жана 1967-жылы туулган А.А аттуу жарандар жеңил жаракат алып, 1964-жылы туулган эркек Т.Т. каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 2652