• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Нарында жол кырсыгынан үч адам каза болду

13 Бештин айы 2021 13:32 Бишкек Govori.TV

Нарындын Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында 10-декабрда “Субару Форестер” менен “КамАЗ” унаалары кагышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Субару Форестер” унаасынын 28 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочусу жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кетип, 26 жаштагы М.К. аттуу жаран айдап келе жаткан “КамАЗ” менен кагышкан.

Жол кырсыгынан жеңил унаанын айдоочусу, 34 жаштагы Б.Э. аттуу жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми 29 жаштагы С.Ч. аттуу жүргүнчүсү Жумгал аймактык ооруканасына жеткирилген, бирок эсине келбей каза болгон.

“Субару Форестердин” дагы эки жүргүнчүсү райондук оорукананын реанимация бөлүнүнө жаткырылган.

Жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 1565