• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Нарындагы 2400 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

25 июля 2022 в 18:09 Бишкек Govori.TV

Нарын шаарындагы 2 миң 400 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө шаардагы 2,4 миң чарчы метр жер тилкеси 2000-жылы мыйзамсыз түрдө Ж.Б. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн 3 млн сомдон ашыкка бааланган 2 400 чарчы метр жер тилкеси Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.

Количество просмотров: 331

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда